DataLife Engine > Жаңылыктар > Нооруз майрамыңыздар менен!

Нооруз майрамыңыздар менен!


21-03-2017, 10:27
Автор: mondoloy
Ош шаарынын башкы архитектор Ажимурат Жолдошовдун «Нооруз» майрамына карата куттуктоо сөзү.
 Нооруз майрамыңыздар менен!
Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди чын дилимден биздин башкармалыктын жана жеке өзүмдүн атымдан элдик «Нооруз» майрамыңыздар менен куттуктайм!

"Нооруз” майрамы чындап эле нурдуу, жакшы тилектердин майрамы болууга тийиш.
Бул майрамды көөнөрбөс дагы бир касиети ата-бабаларыбыздын улуу салтын, үрп адатын, рухий дөөлөтүн руханий байлыгын кылымдан кылымга, муундан муунга мурастап келатканында десек болот. Нооруздун келиши менен Ала-Тообуз көрктөнүп, элибиз шаңданып салтанаттуу түрдө куттуктоо айтып, жакшылыкты тилегени, наркыбызды сактап улутубуздун улуулугун улаганыбыздын белгиси.

Кыргыз эли эзелтен бул майрамда жердин жанданышын шаан шөкөт менен майрамдап, жаңы жыл берекенин жылы болсун деп, аш бышырып, сүмөлөк даярдашкан.

Деги эле Орто Азияда жашаган элдердин баары бул күндө сүмөлөк бышырышат.
Жадыраган жаз күнүндө тосуп жаткан ак тилектин, аруу ниеттин, мээримдүүлүктүн, ыйман менен ынтымактуулуктун жана боордоштуктун белгиси болгон Нооруз майрамы баарыңыздарга жакшылык алып келсин!

Нооруз бизге бейпил, берекелүү заман тартуулап, жаңы дем берсин, жаз күнүндөй жаркын маанай, ынтымак, ырыскы, бакты-таалай дайыма сиздер менен бирге болсун!


Вернуться назад