Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » 2016-жылдын мыкты жетекчиси наамына ээ болгон Ажимурат Жолдошовду Ош мэри Айтмамат Кадырбаев сыйлады.

2016-жылдын мыкты жетекчиси наамына ээ болгон Ажимурат Жолдошовду Ош мэри Айтмамат Кадырбаев сыйлады.

30-декабрда Ош шаардык мэриясы жыл ичиндеги мыктыларды аныктап, сыйлоо аземин өткөрдү.

Ош мэри Айтмамат Кадырбаевдин жетекчилиги менен Кыргызстандын жана Ош шаарынын намысын чет жерде коргоп, эл аралык спорт сынактарда чемпиондукту багындырган спортчулар акчалай жана алкыш баракчаларга ээ болду. Ошондой эле, экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышып, түрдүү байгелерди жеңип алган ишканалар сыйланды. Ош шаары быйылкы көчмөндөр оюндарында уулуттук тамак-аштардын көргөзмөсү боюнча, боз үйдү бат тигүү, кол өнөрчүлүк, саркеч кийимдер көргөзмөсүнөн баш байгени жеңип алган. Мындан тышкары, өкмөттүк деңгээлдеги иш-чаралардын жогорку деңгээлде өткөрүүгө салым кошкон шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери да унутта калган жок. Алардын арасында Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын башчысы, Ош шаарынын башкы архитектору Жолдошов Ажимурат Кубатбекович акчалай жана ардак баракча менен сыйланды.  

2016-жылдын мыкты жетекчиси наамына ээ болгон Ажимурат Жолдошовду Ош мэри Айтмамат Кадырбаев сыйлады.
2016-жылдын мыкты жетекчиси наамына ээ болгон Ажимурат Жолдошовду Ош мэри Айтмамат Кадырбаев сыйлады.

 

 

 

 

 

30-12-2016, 14:28
2 285 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.