Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Ошто үчүнчү "YUG-Stroy" жана " YUG-Energy 2016" көргөзмөсү өткөрүлдү.

Ошто үчүнчү "YUG-Stroy" жана " YUG-Energy 2016" көргөзмөсү өткөрүлдү.

"YUG-Stroy" жана " YUG-Energy" көргөзмөсү быйылкы жылы Ош шаарында 3-ирет өткөрүлүп жатат.

 Ошто үчүнчү  "YUG-Stroy" жана " YUG-Energy 2016" көргөзмөсү өткөрүлдү.
Көргөзмө жарманкеге Ош шаардык мэриясынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турук жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиги, Ош архитектурасы жана калаа аймагындагы коммуналдык кызматтын өкүлдөрү, керектөөчүлөр, шаар тургундары катышты. Иш-чарада кыркылган кызыл тасмадан соң, көргөзө расмий ачылды.
Көргөзмөгө келген коноктор курулуш тармагындагы материалдар менен таанышып жатты. Алар жылуулоо жана желдетүү, терезе-эшиктер, энергетика жана жарык кылуу, электр энергиясынын атаандаш булактары, энергияны үнөмдөө инновациялар, энергияны үнөмдөөчү технологиялар жаңы жабдууларга байкоо салды.
Ошто үчүнчү  "YUG-Stroy" жана " YUG-Energy 2016" көргөзмөсү өткөрүлдү.
Курлуш тарамгындагы көргөзмөнүн негизги максаты өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы келишимдерди түзүү жана кызматташууну жакшыртуу. Ош шаарында өткөрүлгөндүгүнүн себеби соңку жылдары калаа аймагында курулуш тармагы жанданып,  компаниялар чыгарган жаңы  продукциялар суроо талапка ээ. 

"YUG-Stroy" жана " YUG-Energy 2016" көргөзмөлөрү жаңы технологиялардын алга жылуусун  шарттайт. Бул  экономиканын өнүгүшүнө да таасир берет. Жаңы идеяларды ишке киргизүүнүн жана курулуш продукцияларынын көбөйүшүнүн негизинде  Ош шаарын жаңы деңгээлге алып чыга турган иш-чара уюшулуп жаткандыгын демилгечилер белгилейт. Көргөзмөнүн уюштуруучусу "BiExpo” ЖЧК  көргөзмө компаниясы. 
Ошто үчүнчү  "YUG-Stroy" жана " YUG-Energy 2016" көргөзмөсү өткөрүлдү.
Ата мекендик жана чет элдик фирмаларды бириктирген көргөзмөнүн бирдиктүү аянты тажрыйба алмашууга, энергетика тармагындагы жана курулуш рыногун өстүрүү багытындагы маселелерди чечүүгө багытталды.  Белгилүү дата Кыргыз Республикасынын ишкерлер күнүнө дал келди. Иш-чара жыйынтыкталган жок 22-сентябрга чейин  Ош улуттук дарама театрында улантыла берет.
Ошто үчүнчү  "YUG-Stroy" жана " YUG-Energy 2016" көргөзмөсү өткөрүлдү.

20-09-2016, 17:42
1 705 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.