Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Ош шаарында куруучулар күнү белгиленди.

Ош шаарында куруучулар күнү белгиленди.

Белгилүү датада Ош архитекторлору да сыйланды.


Ош шаарында куруучулар күнү белгиленди.

12-августта Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаровдун катышуусунда куруучулардын кесиптик күнү салтанаттуу белгиленди. Ага бөлүм башчылар, тийиштүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери, архитекторлор, куруучулар келип катышты.

Анда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин куттуктоосун биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров жеткирип, Ош шаарынын көркүнө, өнүгүүсүнө салым кошуп, түштүк борборун туурасынан эмес тигинен өстүрүп жаткан бул куруучулар экендигин баса белгиледи.

Ош шаарында куруучулар күнү белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде куруучулардын кесиптик майрамына карата, шаардагы курулуштарга кошкон салымы үчүн 20га чукул куруучуларды жана курулуш тармагын тейлеген мекеме-ишканалардын кызматкерлери ардак жана алкыш баракчалар менен сыйланышып, акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Бул күнү Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын 5 кызматкери сыйланды.

Алар: Бозов Замирбек

Осмонова Алина

Дыйканбаев Алмаз

Атабаева Сапаргүл

Бакиров Муралымжан

Ош шаарында куруучулар күнү белгиленди.
17-08-2016, 17:41
2 733 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.