Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Коңшулардын урушу.

Коңшулардын урушу.

Ош шаарынын Курманжан-Датка аймактык кеңешиндеги Некрсов көчөсүнө унаа өтчү жол түшпөйт.

 

Коңшулардын урушу.


Бул тууралуу Шаар кууруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын кызматкерлери билдирди. Эске салсак, социалдык желеде буга чейин Некрасов көчөсүндөгү адам өтүүчү кычык көчөнү кенейтип, унаа жол куру демилгеси айтылып, кызуу талкуу орун алган. Эки тараптуу маселеге Ош архитектурасы чекит койду.
 

Коңшулардын урушу.


Бул кайым айтышып, урушуп жаткан Ош шаарындагы Курманжан-Датка аймактык кеңешинин Некрасова көчөсү. Талаштуу маселени талкуу кылып жаткан адамдар Некрасов жана Ташкент көчөсүнүн тургундары. Алардын талашы Некрасов көчөсүндөгү бул кампаны алдыруу. Анын ордуна чоң унаа өтүүчү жол куруу талабын Ташкент көчөсүнүн тургундары айтып жатышат. 
 

Коңшулардын урушу.


Ал эми 30-40 үй-бүлөө жашаган Некрасов көчөсүнүн тургундары ага каршы. Анткени алар жерди мыйзамдуу түрдө ээлеп тургандыгын айтып, документтери да бардыгын айтышты.
 

Коңшулардын урушу.


Некрасов көчөсүндөгү жашоочулар чоң трасса жолго жакын жашайт. Кампа 1930-1940 – жылдары курулган. Ошондон бери өз калыбы бузулган эмес. Ал жерден жөө адамдар ары бери өтүп, тиричилик кылышат.
 

Коңшулардын урушу.


Ташкент көчөсүнүн айрым тургундары болсо азыр өздөрү каттап жүргөн жолдун тартыгын айтып, кейип жүрүшөт. Эки унаа бир жолдон өтсө батпай да калат. Бирок, бул маселени айтуудан баш тартып, маалымат берген жок.
Ал эми Некрасов көчөсүнүн тургундары болсо бул аймакта унаа кирүүчү 3 көчө бардын айтып, элге жол жетиштүү деген пикирин билдирди. Ал эми бул аймактан унаа жол курулсун деген жеке эле 2-3 адамдын кызыкчылыгы дешет. Жашоочулардын көйгөйүн Ош архитектурасы да жеринен иликтөөгө алып, талаштуу маселеде өз тыянагын чыгарды. 
 

Коңшулардын урушу.


Анда унаа журуугө ылйыктуу жол эмес экендигин Ош архитектурасы билдирди.
Ош шаарында ушуга окшогон жол тилкелери 10доп саналат. Алардын мыйзамдуулугун карап Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгы чечим чыгарат.

24-06-2016, 19:12
1 455 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.