Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » 9-май жеңиш күнү.

9-май жеңиш күнү.

Ош шаарынын башкы архитектору Жолдошов Ажимурат Кубатбекович Уулу Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктайт!

 

9-май жеңиш күнү.


9-Май ыйык күнү Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын өлбөс-өчпөс эрдигинин, элдерибиздин аскердик даңкынын жана эмгек каармандыгынын тарыхый биримдигинин символу катары кызмат өтөйт.

Бүгункү Улуу Жеңиш күнү - согуштун ардагерлерине терең таазим этип, алардын баа жеткис эрдигин эскерүүчү күн. 
Урматтуу, кадырлуу согуштун ардагерлер, ажал отун кечип, биздин келечегибиз үчүн өз өмүрүңүздөрдү аябаганыңыздарга терең ыраазычылык билдирем!

Ал эми көптөгөн аталарыбыз согуш тааласында жүрүп өз өмүрүн кыйып, өз мекенине кайтпай калган жарандар да аз эмес. Алардын элесин эскерип туруу ар бир Кыргызстан жарандарынын милдети деп эсептейм. Ар дайым бар болунуздар!

Урматтуу ардагерлер! Сиздердин турмуштук бай тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар бизге бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө дем берет жана Сиздердин басып өткөн даңктуу жолуңуздар кийинки муундар үчүн сабак жана үлгү болуп келүүдө. Улуу Жеңиш күнүндө Сиздердин эрдигиңиздерге дагы бир ирет таазим кыламын!

Сиздерге чың ден соолук, бейпил турмуш, бакубатчылык жана узак өмүр каалайм. Ата-Мекенибиз гүлдөп өссө берсин!

24-06-2016, 18:44
3 719 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.