Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Сулайман-Тоодогу корук аймакка кирген курулуштар бузулат.

Сулайман-Тоодогу корук аймакка кирген курулуштар бузулат.

Бул тууралуу өкмөттүн чечими менен Шаар куру жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгы тыкыр иш алып барууда. Негизи тоонун айланасында 500дөн ашуун курулуш бар. Алардын мыйзамдуу же мыйзамсыздыгын коммиссиялык топ иликтеп жатат.

 

Сулайман-Тоодогу корук аймакка кирген курулуштар бузулат.


Ош шаарында Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин айланасындагы мыйзамсыз турак-жайларды жана имараттарды алдыруу боюнча түзүлгөн комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйында тийиштүү кызмат өкүлдөрү менен Сулайман-Тоодогу мыйзамсыз курулуштарды аныктоо маселеси каралды. Белгилүү болгондой буга чейин турак-жай ээлери менен жолугушуулар өткөрүлүп түшүндүрүү иштери жүргөн.
 

Сулайман-Тоодогу корук аймакка кирген курулуштар бузулат.


Сулайман- Тоонун 137 гектар жер аянты ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине 2009-жылы кирип, корукка алынган. Бирок азыркы күнгө чейин мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан мамлекеттик акт бериле элек. Тоонун балансында болсо 78 гектар гана жер бар. Калган бөлүгү кандайдыр бир себептер менен менчикке өткөндүгү божомолдонот. Бул боюнча Сулайман-Тоо музейи тарабынан бир канча иш сотко да өткөрүлгөн. А негизи корукка алынган аймакты эч ким менчиктештирүүгө укугу жок.
 

Сулайман-Тоодогу корук аймакка кирген курулуштар бузулат.


Өкмөттүн токтому менен шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгы Сулайман-Тоо аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды ушул жылдын февраль айынан бери аныктап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ага жергиликтүү жашоочулар да туура түшүнүп, курулуштарын, тосмолорун жылдырып баштады.
 

Сулайман-Тоодогу корук аймакка кирген курулуштар бузулат.


Ал эми бул тоонун боорундагы 3 үй мыйзамсыз. Ээлери өз алдынча куруп алган. Бирок ал үйлөрдү текшере келгенде мамлекеттик каттоо кызматынан өткөн актылары бар. Ал дегендик жерге укугу бар. Бирок үстүндөгү курулушту курууга укугу жок дегенди түшүндүрөт. Бул боюнча шаардык архитектура башкармалыгы өткөн жылдан бери эскертүү берип, алар боюнча тийиштүү кызматтарга материалдарды өткөргөн. Ал эми бул убакка чейин жердин ээлери каалагандай иш жүргүзүп, эч ким көңүл бурган эмес.

Кызыл китеп деген жерге болгон укук. Жердин үстүндөгү курулушка көпчүлүк тургундар уруксат алган эмес. Ал тургай өзүнө бөлүнгөн жерден сырткары, кошумча жол тарапка чейин тосуп алган жашоочуларга эми бөгөт коюлат.
Мындан ташкары Сулайман-Тоонун корук аймагына кабат үйлөрдү куруп алган фактылар аныкталган. Ал ЮНЕСКОнун талаптарына каршы келет.

Сулайман-Тоонун айланасы Ленин, Новаи, Айтиев көчөлөрү менен чектешет. Бул аймакта 560 курулуш бар. Алардын канчасы мыйзамдуу жана мыйзамсыз экендигин Шаардык архитектуралык башкармалыгы тыкыр иш алып барууда. Бул маселени коммиссиялык топ 1-апрелге чейин иликтеп бүтмөй болду.

4-04-2016, 19:38
4 021 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.