Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Бүгүнкү Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм!

Бүгүнкү Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм!

Бүгүнкү Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм!

Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы А.Токошевдун куттуктоосу.


 

 Урматтуу Кыргызстандыктар!

Урматтуу Ош жергесинин тургундары!

Мындан 28 жыл мурун Кыргыз жери, эли эгемендүү калк, мамлекет деген баалангыс наамга ээ болгон.Мамлекетибиз акыркы 28 жылдык тарыхында, бир топ кубанычтуу жана аянычтуу окуяларды башынан өткөрдү. Бирок кандай гана сыноо болбосун, элибиз биримдиги, намыскөйлүүгү жана эмгекчилдиги менен бүгүнкү жаркын жашоого жетип келди. Тарых, мезгил баа берип тургандай, Кыргызстан - өзүнүн ордун дүйнөлүк коомчулукта ээлөөгө умтулган көзкарандысыздыгын бекемдеп, элдин эркин жашоо кечириши боюнча жакынкы кошуналарга үлгү боло алды. Элдин жашоо турмушу баштагыдан алда канча жакшыруу жолуна түштү. Айта кетсек, курулуш тармагында абдан чон өзгөрүүлөр болуп бийик имараттар курулууда, жолдорубуз ондолууда жана шаар жерлеринде сейил бактар жасалып элге бир топ ынгайлуу шарттар түзүлүп жатат. Жалпыбыз жапа тырмак өлкөбүздүн келечеги, гүлдөп, өсүп-өнүгүшү үчүн талыкпай эмгектенсек, көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз!

Касиеттүү Кыргызстандыктар!

Бүгүнкү Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм! Элибизге бекем ден-соолук, бакубат жашоо, ынтымак-биримдик жана жергебизге тынчтыкты каалайм.

Кыргызстан мамлекетибиз көздүн карегиндей сакталсын, келечеги кең болсун!

 

31-08-2019, 15:42
2 066 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.