Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » "Супер-Инфо" гезити СуперАталар сынагын кантип аныктады

"Супер-Инфо" гезити СуперАталар сынагын кантип аныктады

СуперАта сынагына Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгынын кызматкери Мирлан Өмүралиев да катышып жеңүүчү аталды.

Эл аралык аталар күнү жыл сайын июнь айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет. Быйыл бул күн 18-июнга туура келген. Эл аралык ЮНИСЕФ уюму "Супер-Инфо" гезити менен биргеликте #СуперАта сынагын өткөргөн. Сынакка 7 дубандын мыкты аталары катышып, кызыктуу сүрөттөрү менен балдары тууралуу баяндоо жазып жөнөтүшкөн. Супер аталардын сүрөт-баяндары SUPER.KG порталында окурмандардын добушуна коюлган. Жыйынтыгында көп добуш алган 10 супер ата жеңүүчү деп табылып, уюштуруучулар тарабынан даярдалган белектерге ээ болду.

Мирлан Өмүралиев: – Уулум Марлен Рысбеков 2013-жылы 24-апрелде төрөлгөн. Уулум жарык дүйнөгө келген учурда келинчегимдин жанында болдум. Ошондо уулумдун мойтойгон чочосун көрөр замат сүйүнүчтүн көз жашы тамчылап, ыйлаганымды айтсаң! Эстесем, акыркы жолу ошондо ыйлаган экенмин. Ошол күндөн баштап ата болуу бактысы кучак жайды. Балам күндөн-күнгө чоңоюп, ар түрдүү кылыктары менен бизди бакытка бөлөп келет. Марленчигим машинелердин сүрөттөрүн мага тарттырып, тартылган сүрөттөрдү боёгонду адатка айлантып алган. Ошондон ырахат алат. Кечинде жатканда "ичимди, белимди тырмап бер" деп, ушалатып анан уйкуга кирет. "Эр жетип, чоң жигит болгондо милиция болом" деген тилекти тынбай айтат. Марлен – менин жоокерим!
5-07-2019, 17:28
1 732 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.