Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Ошто миңдеген адамдар ичкен чоң сууга, саркынды суусун чыгарган жашоочуларга эми бөгөт коюлат.

Ошто миңдеген адамдар ичкен чоң сууга, саркынды суусун чыгарган жашоочуларга эми бөгөт коюлат.

Бул тууралуу 9-февралда Шаар куру жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгы мыйзамсыз көрүнүштөрдү алдын алуу жана текшеруу иш-чарасында билдирди.

 

Ошто миңдеген адамдар ичкен чоң сууга, саркынды суусун чыгарган жашоочуларга эми бөгөт коюлат.


 Бул айым Оштогу Амир-Тимур аймыктык кеңешине караштуу мурунку Обзорная азыркы Таштан Салиев көчөсүндө жашайт. Аймакта канализация түтүктөрү орнотулган эмес. Текшерүүчүлөр менен сөз талашып жаткан айымдын короосунан саркынды сууну каналга чыгарган түтүк табылды. Мындан тышкары, ага бөлүнгөн жерден сырткары, каналдын боюндагы жерди мыйзамсыз ээлеп, ажаткана курган. Текшерүүчүлөр сөзүнө кирбеген айым мыйзамсыз көрүнүштөрүн жаз келсе токтотом дейт. 
 

Ошто миңдеген адамдар ичкен чоң сууга, саркынды суусун чыгарган жашоочуларга эми бөгөт коюлат.


 Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкармалыгы бул үй-бүлөөгө буга чейин да келип түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Бирок, майнап чыккан эмес. Таштан Салие көчөсүндөгү бул айым да өз короосунан чыгып, каналдын боюн менчиктеген. Эч кимден уруксаты жок жерге малкана куруп, койлорун камап койгон. Аны менен катар тандыр, көмүркана жана ажаткананы да куруп алган. 

 Амир-Тимур аймактык кеңешиндеги мурунку Обзорная көчөсүндө 10дон ашуун адам жашайт. Алардын 95 пайызы каналдын боюн мыйзамсыз эле үлүштөп алган. Алардын кесепетинен саркынды суулар южный каналына түшүп, төмөнкү аймак таза суу катары колдонот. Көп жылдан бери мындай көрүнүштөрдү кайталап жүргөн адамдарга мыйзам чегинде көнүл бурулбай келген. Эми аларга аёо жок экендигин текшерүү топтун мүчөлөрү билдирет.
 

Ошто миңдеген адамдар ичкен чоң сууга, саркынды суусун чыгарган жашоочуларга эми бөгөт коюлат.


Мыйзамсыз жер ээлеп анысы аз келгенсип мончодон чыккан саркынды суунун түтүгүн түз эле чоң сууга туташтырган айрым үй-бүлөө ээлери, текшерүүчүлөр барганда үйүн ачпай, алардан кутулуунун жолун көрөт. Ал эми кээ бир жашоочулар текшерүүчүлөр айткан сөздү  угат. Мындай адамдардын катарын Латипжан мырза толуктайт. Ал да жогорудагы айымдарга окшоп, көрөөсунан сыртка дараткана, тандыр жана башка канааларды куруп алган. Бир ай мурун текшерүүчүлөрдүн сөзүнө көнүп, азыр дараткананы короосуна жылдырып жатат.

Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгы бул сыяктуу текшерүү иштерин калаа аймагында жүргүзүүдө. Рейдчилер алгач түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү берүүдө. Мыйзамсыз иштерди токтотпой улантып жаткан адамдардын тизмегин Ош шаардык мэриясына караштуу административдик коммиссияга өткөрүп беришет.
 

24-02-2016, 05:07
4 540 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.