Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Бактыбек Абдиев Оштогу "Жетиген" мектеп-лицейинин абалы менен жеринен таанышты.

Бактыбек Абдиев Оштогу "Жетиген" мектеп-лицейинин абалы менен жеринен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев Оштогу "Жетиген" мектеп-лицейинин абалы менен жеринен таанышты. Иш-чарага Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын башчысы Ажимурат Жолдошов, Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Сейит Карагозуев, шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы жана башка тийиштүү кызматтын өкүлдөрү катышты. Буга чейин "Жетиген" мектебинин курулушу тууралуу терс сын-пикирлер айтылган. Аны иликтөө жана алдын алуу боюнча атайын кызмат өкүлдөрүнө тапшырмалар да берилди. Эске салсак, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин грантына салынган мекеме 2016- жылдын август айында пайдаланууга берилген. Окуучулар 1-сентябрдан баштап билим ала баштаган. Учурда мектепте 600гө чукул окуучу билим алууда. Мектептин курулушу 2015-жылы башталып 2016-жылы 8 айда бүткөрүлгөн. Жалпы 83 миллион сомго "Азия курулуш" компаниясы ишти толук бүтүрүп, бир жылга кепилдик берген.

Бактыбек Абдиев Оштогу "Жетиген" мектеп-лицейинин абалы менен жеринен таанышты.
Бактыбек Абдиев Оштогу "Жетиген" мектеп-лицейинин абалы менен жеринен таанышты.
Бактыбек Абдиев Оштогу "Жетиген" мектеп-лицейинин абалы менен жеринен таанышты.
Бактыбек Абдиев Оштогу "Жетиген" мектеп-лицейинин абалы менен жеринен таанышты.
Бактыбек Абдиев Оштогу "Жетиген" мектеп-лицейинин абалы менен жеринен таанышты.
Бактыбек Абдиев Оштогу "Жетиген" мектеп-лицейинин абалы менен жеринен таанышты.
Бактыбек Абдиев Оштогу "Жетиген" мектеп-лицейинин абалы менен жеринен таанышты.

17-02-2017, 15:25
4 803 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.