Архитектура Ош » СЖ » Жаңылыктар » Ош шаарынын башкы архитектору Ажимурат Жолдошов Кыргызстан элин жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Ош шаарынын башкы архитектору Ажимурат Жолдошов Кыргызстан элин жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

ОшТВ телеканалынын элдик сурамжылоосунун негизинде "Жылдын мыкты жетекчиси 2016” наамын жеңип алган Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын башчысынын куттуктоосунда төмөндөгү сөздөр айтылат.

 

Урматтуу мекендештер, кадырлуу эл журт!

 

Сиздерди кирип келген 2017-жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Жаңы жыл баарыбызга ынтымак- ырашкерликтин, токчулуктун, жакшылыктын, молчулуктун жылы болсун. Ар дайым үйүңүздөрдөн кут кетпей, маанайыңыздар майрамдагыдай жанып турсун. 2015-жыл Кыргызстан үчүн жакшы жылдардан болду. Анын ичинде Ош башкы архитектурасында көптөгөн көзгө басаарлык жумуштар аткарылды. Буйруса 2017-жылы Ош шаарын көрктөндүрүүгө багытталган жаңы долбоорлордун үсүндө иштеп, алдыда жасалуучу жумуштарды аткарууну негизги максат кылып койдук.

 

Жаңы жыл майрамы - адамзаттын, жашоонун, өчпөс үмүттүн майрамы. Ошондуктан баарыбыз үчүн бул эң сүйүктүү майрамдардын бири. Эски жыл кетип, жаңы жыл келген маалда ар бир үй-бүлөөгө чың ден-соолук, бардар турмуш, бакубат өмүр, иштериңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалаймын.

Ош шаарынын башкы архитектору Ажимурат Жолдошов Кыргызстан элин жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

 

 

31-12-2016, 12:10
1 905 просмотров
Нашли ошибку?   
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь. Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо зайти на сайт под своим именем.