DataLife Engine > СЖ > Жакынкы жылдары Оштогу эскилиги жеткен үйлөр алынып, ордуна заманбап шарттагы көп кабаттуу үйлөр курулат.

Жакынкы жылдары Оштогу эскилиги жеткен үйлөр алынып, ордуна заманбап шарттагы көп кабаттуу үйлөр курулат.


21-02-2016, 23:33
Автор: admin
Бул тууралуу Ош шаардык Шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 2016-жылдын  27-январь күнү  өткөрүлгөн "Жыл жыйынтыгын” чыгаруу иш-чарасында белгилүү болду.  

 

Жакынкы жылдары Оштогу  эскилиги жеткен  үйлөр алынып, ордуна  заманбап шарттагы көп кабаттуу үйлөр курулат.


Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын жыл  жыйынтыгына жетекчилер баш болгон бөлүм башчылары, массалык маалымат каражаттары катышты. Анда өткөн жылкы алгылыктуу иштер айтылып, жаны иш пландар ортого салынды. Башкармалык 2015 – жылы бекитилген пландагы иштин 90 пайыздан ашык бөлүгүн аткарган. Бул дегендик 2014-жылга салыштырмалуу 130 пайызга көп.

Жалпыга белгилүү болгондой Ош шаардык архитектура башкармалыгына шаар аймагынан көптөгөн кайрылуулар, арыз даттануулар келип түшөт. Мисалы, 2015- жылы жогорку органдардан эле 3851 даана кат келген. Аларды башкармалык жетекчиси Ажимурат Жолдошов жеринен иликтөөгө  алып, өз жообун берген.

Ошондой эле жакынкы жылдары калаа аймагындагы эскилиги жеткен жеке турак үйлөрдү бузуу менен алардын ордуна заманбап шарттагы көп кабаттуу үйлөрдү  куруу долбоору иштелүүдө. Мындай жол 3 миң  жылдан ашык тарыхы бар Ош шаарынын тарыхый өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен долбоордун негизги планы каралууда

Ош шаарын өнүктүрүүнү башкы планга койгон башкармалык калаа аймагындагы бир топ чоң көзгө басаарлык курулуштарга өз салымын кошуп келет. Алардын бири бул Озгур суу тазалоочу станциясынын курулушундагы долбоор. Жана башкы резервуарлардын курулуш иштери да бар. Мындан тышкары, буга чейин Ош шаардык Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын уруксатысыз көптөгөн мыйзамсыз иштер аткарылып келген. Маселен, көпчөлүк жарандар жеке турак үйлөрүнүн айланасын кеңейтип, чарбалык имараттарын куруп алган фактылар көп. Аны менен катар, саркынды суу түтүктөрүнө мыйзамсыз түтүк улагандар чыгууда. Башкармалыктын иликтөөсүнө  ылайык, мыйзамга туура келбеген 216 курулуштар бар. Аларга эскертүүлөр берилген. 

Эми мындан ары мыйзам бузган көрүнүштөргө бөгөт коюлаарын Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын башчысы   Ажимурат Жолдошов билдирди.

Эске сала кетсек,  Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын Ош шаарындагы бөлүмү республикалык бюджеттен бир тыйын албайт. Чарбалык ыкма менен иш алып барат. Башкача айтканда, элге кызмат көрсөтүп, алардан келген акча кызматкерлер маянасына жумшалат. Башкармалык, жаңы жылдын башталышында жаңы идеялардын үстүндө, жаңы долбоорлордун негизинде эл үчүн кызмат кылууну улантат.

Иш-чарага келген массалык маалымат каражаттары  Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын Ош шаарындагы бөлүмү туурасында  эфирдик убакыт берди. 

 
"ОшТВ”  ТРКсы жаңылыктар бөлүмү. Башкармалык иштери боюнча 20:00. 22:00.00:00
"7” ТРКсы жаңылыктар бөлүмү. Башкармалык иштери боюнча 19:00. 21:00. 00:00
"Ош Пирим” ТРКсы жаңылыктар бөлүмү. Башкармалык иштери боюнча 20:00. 22:00
Акипресс маалымат агенттиги.  Турмуш-Ош бөлүмү 27-январда башкармалыктын жакшы ишери боюнча макала чыгарып берди.
 

Вернуться назад