Архитектура Ош » СЖ » Страница 6

Ош архитектурасында “Бирдиктүү терезе” долбоору ишке ашуу алдында

"2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына” карата Ош архитектура кызматынын иш аракети 


  

Ош архитектурасында “Бирдиктүү терезе” долбоору ишке ашуу алдында

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековтун "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги ""Түндүк” электрондук ведомостволук аралык өз ара аракеттенүү маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө” №200 токтомун ишке ашыруу маскатында Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн обьекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген Жобосуна, Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарыжөнүндө 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген типтүү Жобосуна ылайык иш жүргүзүүдө адамдык факторлорду кыскартуу жана Ош шаарынын элине ыңгайлуу шартта тейлөө кызматын көрсөтүү үчүн бир топ иш аракеттер жүрүп жатат.

Айталык, алгачкы санариптик кадам "Бирдиктүү терезеден” башталган десек, жаңылыштык эмес. Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын "Бирдиктүү терезе” бөлүмү жарандардан арыздарды кабыл алууда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба Мамлекеттик агенттигинин борборлоштурулган жаңы программасына (Онлайн режим) туташтырылган. Башкармалык жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында "Бирдиктүү терезе” бөлүмүнүн тейлөөсүн мындан дагы жакшыртуу үчүн бөлүмгө керектүү оргтехникаларды сатып алып жогорку ылдамдыктагы интернет желеси менен туташтырылды. Ошону менен бирге эле модернизациялоо, цивровизациялоо иштери жүрүүдө. Курулушка, орнотууга жана өзгөртүүгө долбоорлоо иш кагаздарын берүүдө тиешелүү мамлекеттик кызматтардан корутунду же техникалык шартнамаларды алуу үчүн даярдалган сурамжылоо каттар электрондук тартипте жөнөтүлүп, кайрадан жөнөтүлгөн каттардын жообун электрондук жол менен алуу ишке ашырылды.

"Бирдиктүү терезе” бөлүмү аркылуу келген жарандардын арыз-каттарынын кыймылын же аткаруу мөөнөтүн (1-этап, 2-этап) онлайн түрүндө интернет аркылуу көрүү үчүн Башкармалыктын атайын кагаз жүгүртүү сайтты ачылып, аталган сайтты толук кандуу ишке киргизүү боюнча азыркы күндө иш аракеттер жүрүп жатат.

"Бирдиктүү терезе” бөлүмүнүн иш жүргүзүүчү ордун жакшыртуу боюнча жарандарга ыңгайлуу шартта тейлөө үчүн атайын бөлмө каралып, аталган бөлмөнү реконструкциялоо, кайра пландаштыруу менен капиталдык ремонт иштери жүрүүдө.

Андан сырткары жарандардын келген арыз-каттарын, төлөм келишимдерин кабыл алуу үчүн "Жалпы бөлүм” менен "Бухалтердик эсептөө жана пландоо” бөлүмдөрүнүн атайын өзүнчө турган терезелери курулуп, жанына төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн терминал орнотулган. Башкармалык тарабынан даярдалган иш кагаздарга жана көргөзүлгөн кызматтарга төлөнүүчү төлөмдөр банктык эсеп жана терминал аркылуу жүргүзүлүп жатат.

Жакынкы күндөрдө, "Бирдиктүү терезе” бөлүмүнүн иш жүргүзүү ордунун ремонт иштерин толугу менен аягына чыгарып, жарандарга ыңгайлуу шартта тейлөө кызматын көрсөтүүгө аракеттенүүдөбүз.


 

18-07-2019, 13:53

Эмгекчил архитекторлор Ош шаарындагы таштандыларды тазалоодо

6-июлда Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жалпы эмгек жамааты ишембиликке чыкты.


 

Эмгекчил архитекторлор Ош шаарындагы таштандыларды тазалоодо

 


18-07-2019, 13:12

"Супер-Инфо" гезити СуперАталар сынагын кантип аныктады

СуперАта сынагына Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгынын кызматкери Мирлан Өмүралиев да катышып жеңүүчү аталды.
5-07-2019, 17:28

"Супер-Инфо" гезити СуперАталар сынагын кантип аныктады

#СуперАта сынагына Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгынын кызматкери Мирлан Өмүралиев да катышып жеңүүчү аталды.
 

"Супер-Инфо" гезити СуперАталар сынагын кантип аныктады

 

27-06-2017, 19:23

Ажимурат Жолдошов Кыргызстан калкын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады

Ош шаарынын башкы архитектору  Жолдошов Ажимурат Кубатбековичтин  куттуктоосу  төмөндө.
 

Ажимурат Жолдошов Кыргызстан калкын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады

 

24-06-2017, 13:13

Ош шаарынын башкы архитектору жарандарды мыйзам бузбоого чакырат.

Бүгүн ОшТВ каналынын "Коңгуроо” автордук көрсөтүүсүнө конок катары Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Ажимурат Жолдошов жана "Интер билим” коомдук фондунун Оштогу бөлүмүнүн башчысы Гүлгакы Мамасалиева чакырылды.
 

Ош шаарынын башкы архитектору жарандарды мыйзам бузбоого чакырат.

 

27-05-2017, 11:51

Жарандык коргонуунун күчү

Өзгөчө кырдаал келип чыккан шартта жарандык коргонуу күчтөрүнүн иш аракети.
 

Жарандык коргонуунун күчү

 

27-05-2017, 11:32

Курулуш баштоодон мурун тийиштүүлөрдөн кеңеш ал

Сулайман-Тооогу корукка алынган аймакка там салган тургун үйүн бузду.
 

Курулуш баштоодон мурун тийиштүүлөрдөн кеңеш ал

 

16-05-2017, 09:57

Табигый кырсыкта жабыркагандарга Ош архитектурасы бир күндүк маянасын которду.

Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызматкерлери бир күндүк эмгек маянасын  Аюу-Сай айылындагы көчкүдөн жана Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга которуп берди.
   

Табигый кырсыкта жабыркагандарга Ош архитектурасы бир күндүк маянасын которду.

 

13-05-2017, 14:48

9- май Жеңиш майрамыңыздар менен!

Ош шаарынын башкы архитектору Ажимурат Жолдошов Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктайт!
 

9- май Жеңиш майрамыңыздар менен!

 

8-05-2017, 14:10